Россиянын шаарларына каттаган поезддердин билеттери 3-июндан тарта арзандайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТемир жол станциясында поезддер. Архив
Темир жол станциясында поезддер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Баалар валютанын алмашуу курсуна жана тарифке карата индексация коэффициенттерине жараша өзгөрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашуу боюнча 3-июндан баштап жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысы арзандайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Баалар:

Бишкек – Самара:
плацкарт вагондо балдардын билети 3 600 сомдон, чоңдор үчүн билет 9 643 сомдон башталат;
купе вагондо балдардын билети 4 675 сомдон, чоңдор үчүн 12 694 сомдон башталат.
Бишкек – Казань:
плацкарт вагондо балдардын билети 4 592 сомдон, чоңдор үчүн 12 476 сомдон башталат;
купе вагондо балдардын билети 6 217 сомдон, чоңдор үчүн 17 104 сомдон башталат.
Бишкек – Новосибирск:
плацкарт вагондо балдардын билети 2 940 сомдон, чоңдор үчүн 7 761 сомдон башталат;
купе вагондо балдардын билети 3 801 сомдон, чоңдор үчүн 10 219 сомдон башталат.
Эске алчу жагдайлар:
шейшептердин баасын эсепке алуу менен;
салыктарды эсепке алуу менен;
поезд жөнөгөнгө чейин билетти канчалык эрте сатып алсаңыз, ошончолук арзан болот;
баалар валютанын алмашуу курсуна жана тарифке карата индексация коэффициенттерине жараша өзгөрүшү мүмкүн;
өзүнчө орун ээлебеген, 5 жашка чейинки балдарга акысыз. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын билети чоңдорго караганда эки же андан көп эсе арзан;
жүргүнчүгө 36 килограмм кол жүгүн жана жалпы 200 сантиметрлик үч өлчөмдүү жүктү бекер ташуу жана төлөм үчүн кошумча 14 килограмм жүккө уруксат берилет;
үй жаныбары кол жүгүнүн нормасынын эсебинен бекер болот;
кол жүгүнүн нормасынын жана өлчөмүнүн эсебинен мотору жок, чечилген велосипед бекер болот;
ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жүргүнчүлөр кол жүгүнүн белгиленген нормасынан ашыкча, алардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдууларды акысыз алып жүрүүгө жана иттерди бекер алып жүрүүгө укуктуу;
поезд жөнөгөнгө чейин 24 саатка чейин комиссиялык жыйымдарды кошпогондо акча кармап калбай, жол кире акысын кайтарып берүү каралган.
Кошумча суроо жаралса төмөнкү номерлерге кайрылууга болот: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.
Кыргызстан сатып алып жаткан жүк ташуучу 100 вагондун баары өлкө аймагына алып келинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
"Кыргыз темир жолу" алган жаңы 100 вагондун баары өлкөгө келди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0