Суу киргизем деп... Нарында 47 жаштагы киши топурак басып калып көз жумду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЖер казып жаткан адам. Архив
Жер казып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Кырсык Нарын районунун Кара-Чий айылында болгон.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Нарында 47 жаштагы киши топурак басып калып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кара-Чий айылында болгон.
"47 жаштагы Н.А. аттуу киши үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан учурда топурак басып калып каза болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар сөөгүн чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Жерине ӨКМдин үч куткаруучусу тартылганы кошумчаланды.
Ош — Сары-Таш — Карамык жолунун 66-чакырымында болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Чоң Алайда жүк ташуучу унаанын контейнери басып калып үч адам каза болду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0