Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Северодонецк курчоосу Европанын "биримдигине" доо кетирип жатабы?

© Sputnik / Максим Захаров / Медиабанкка өтүүСеверодонецктин жанындагы ЛЭРдин элдик милициясынын иши
Северодонецктин жанындагы ЛЭРдин элдик милициясынын иши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жазылуу
Украиналык улутчулдардын колу аркылуу Россия менен прокси-согуш жана өз көзөмөлүндөгү маалымат каражаттарынын жардамы Москваны дүйнөгө каралоо аракеттери жамааттык Батышка реалдуулукту өзгөртүүгө көмөкчү боло албайт.
Анткени РФ Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциясы коюлган максаттарын аткаруу, тагыраагы, Донбассты куткаруу, Украинаны демилитаризация жана денацификациялоону ийгиликтүү жүргүзүүдө деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул жолу да ал РФтин атайын операциясынын жүрүшүнөн кеп козгогон.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Северодонецк курчоосунда калышы киевдик режимге жана НАТО өлкөлөрүнө Россия менен тиреште утулууга дуушар болорун дагы бир ирет эскертет.
Донбасстагы "Чыгыш фронт" кыйрап, Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү батыш тарапты көздөй чегинүүдө. Украиналык күчтөрдүн Северодонецк-Лисичан калктуу пункту курчалып, ар кыл секторлорго бөлүндү. Украиналык аскердик бөлүктөр Северодонецк калктуу конушунан чыгарылып, уюшкандыкта чегинүүгө мүмкүн болбой калды. Ал түгүл украиналык Башкы штаб да калаада россиялык күчтөр активдүү аракетте экенин тастыкташканы маалым. Мариуполдуктардын кайгылуу тажрыйбасын эске алып жай тургундар эрте чыгып кетип, Украина Куралдуу күчтөрү аларды "тирүү калкан" катары пайдаланууга үлгүрүшкөн жок.
Россиялык аскердик бөлүктөр Лисичанск-Бахмут кан жолуна чыгып, украиналык аскердик топтун базадан резервге чейинки жолун 18-майда эле бөгөшкөн. Бирок Украина бийлиги муну 12 күн өткөндө – кыйла курчалып калганда гана моюнга алды. Болбосо киевдик режимдин Донбасстагы өкүлү Сергей Гайдай калкты жалган маалыматка сугарып, көп чабуулдардын мизи кайтарылып, далай талкаланган танктардан кеп кылган.
Донбасстагы ийгилигин өрчүтүү менен россиялык күчтөр фронттун чийинин Попаснаянын түштүк-батыш тарабына карай теңдөөдө. Жай жаңырары менен Украина Куралдуу күчтөрү Бахмут жана Славян-Краматор пунктунда курчалышы ыктымал. Булар Лисичанскиден элүү чакырымчалык гана аралыкта. Ушул тапта кырдаалды чагылдырып жүргөн батыштык журналисттер да Донбасста украиналык топтордун абалы начар экенин белгилешүүдө.
Атайын операциянын экинчи баскычында россиялык командачылык Украина Куралдуу күчтөрү "октуу тосмо" (артиллериялык тактикалык ыкма) тактикасын кызуу пайдаланмакчы. Бул авиациянын жана ок атууну учкучсуз түзөтүүнүн коштоосунда өзү жүрүүчү жана сүйрөтүлүүчү артиллерия менен түзүлөт. Донбасста украиналык күчтөр алсырап, милдетин аткарууга чыгуудан баш тартып, качып же туткунга түшүүдө.
Ал ортодо Киевде президент Владимир Зеленскийге саясий жана аскерий таасирдин тиреши курчуп барат. Саясатчылар "каршылык көрсөтүүнүн символу" катары болгон күчтү жумшап Северодонецкини колдон чыгарбоону талап кылышса, аскерлер чегинип, Украина Куралдуу күчтөрүнүн согушка жөндөмдүүлүгүн сактап калууну өтүнүп жатышат. Тегерегиндегилер мариуполдук сценарий боюнча "көчүрүп кетүүнү" болжошууда. Анткен менен реалдуулук киевдик жана вашингтондук үгүтчүлөрдүн сюжеттери менен таптакыр дал келбейт.
Россиянын Солнцепек оор огнемёттук тутумдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада россиялык "Солнцепек" кандай иштейт? Аскерий мүнөздөмө

Баалуулуктарды кайра баалап чыгуу

Жамааттык Батыш россиялык армиянын ийгиликтеринен улам кыйла кооптонуп турат. Украинадагы прокси-согушту улантып-улантпоо жаатында АКШнын европалык союздаштарынын ичинде көз караштар бир өңчөй эмес. Финляндия менен талаш территориялар көйгөйүнүн жаралышы менен РФтин Польша жана Румыния чек араларына чейин пландалбаган "кеңейиши" Вашингтон менен Брюсселдин түн уйкусун бузууда.
Вашингтондун чоң катачылыгы алдыдагы жана учурдагы кесепеттери (өзөктүк согуш коркунучун айтпаганда да, кымбатчылык, орто класстын жакырланышы, ачарчылык, суук, качкындардын агымы) менен америкалыктарды жана алардын союздаштарынын үрөйүн учуруп жатат.
Киевдик режимди оор куралдар менен жабдууга Батыш тыныгуу берди. Себеби андай шартта Польша менен Германияга гиперүндүү "Кинжалдардын" учуп келери күтүлөт. Дүйнөгө үстөмдүк кылгысы келген биринчи болуп жабыркап, андан ары кыш каарын төгө баштайт. Европа биримдиги тезинен "Түндүк агым – 2ни" жандырып, Москвадан сибирдик көгүлтүр отко арзандатуу сурарын боолголоого болот. Америкалык качкындар Мексика жана Венесуэлага ыктайт. Батыш маалымат каражаттарында Россияга каршы риторика жана пропаганданын күчү кайтып барат. Кошмо Штаттарда кеңири белгилүү Fox News телеканалынын сайтындагы "орус-украин согушу" деген чукул кабар рубрикасы да жоголду. Мурда анда жалган жана русофобиялык маалыматтарды улам чыгарып турушчу.
Британиялык беделдүү басылма – The Telegraph гезитиндеги макалалардын аталышына чыгарылган күндөрүнө карап талдап көрөлү: 5-майда – "Басынган Россия доордун салгылашында утулууда, 12-майда – "Путинди жеңүү бизге өтө кымбатка түшөт", 26-майда – "Путин ойго келбес жеңишке жетейин деп калды". Ал эми The Hill: "Россияны басынтуу – акылсыздык" - деп атады. The Washington Post басылмасы Украинадан качып барган чет өлкөлүк жалданма аскерлер күчтүү россиялык армияга каршы согушуп болбостугун айткандарын жазып чыкты.
Зеленскийдин Харковго карай алган сапарынан улам анын аскерий теманы жакшы өздөштүрө албаганы жана саясий жактан дасыга электигине аргасыз баш чайкайсың. Андай сапарлар Украина Куралдуу күчтөрү үчүн дегеле пайдасыз. Эч бир өлкө Россия армиясынын чабуулун токтотуп калуу үчүн кыска убакыттын ичинде киевдик режимди заманбап модификациядагы жок эле дегенде 400 учак, 300 танк менен камсыздап жиберүүгө технологиялык жактан жөндөмсүз.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн кадрдык ресурсу түгөндү. Батыш куралдары өлкөнүн бардык аймагында Россиянын таамай ракеталык соккулары менен талкаланууда. Украинанын аскердик инфраструктурасы дээрлик жок кылынды. Сакталып калган аскердик техникалары үчүн дизель жана бензин Польша жана Румыниядан келген автомобилдер менен ташылууда. Булардын баары – катастрофанын белгилери.
Өткөн суткаларда Донбасстын асманында россиялык абадан коргонуу каражаттары менен 15 украиналык учкучсуз атып түшүрүлдү. Ал эми атайын аскердик операция башталгандан тарта Украина Куралдуу күчтөрүнүн 183 учагы, 128 тик учагы, 1064 учкучсуз аппараты, 325 зениттик ракеталык комплекси, 3323 танк жана башка аскердик сооттолгон машинасы, залптык октун 451 реактивдүү түзүлүшү, 1731 талаа артиллериясы жана миномёт, ошондой эле атайын автотехникасынын 3294 бирдиги талкаланды. Ошентсе да бул согуш эмес, Россия атайын операциясында Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүн гана пайдаланууда.
Кыйла күчтүү аскерлери жана каражаттары кокус НАТО өлкөлөрү менен согуштук жаңжал тутанып кеткен күндө гана тартылышы мүмкүн. Донбасста алдынкы катарда келишим боюнча чакырылган жана ыктыярчылар гана кызмат өтөөдө. Операциянын мөөнөтүнө карабай Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча коюлган максаттарына жетүү үчүн Россиянын аскердик техникасы, таамай тийчү ракеталары, артиллериялык дүрмөт жана авиабомбалары жетиштүү.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
ДНРдеги аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "фольксштурм"* батышка карай чегинүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0