Мелис Эшимканов атындагы фонд студенттер арасында сынак жарыялады. Шарты

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаЖурналист Мелис Эшимканов. Архив
Журналист Мелис Эшимканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жазылуу
Байге фонду 50 миң сом. Баш байге жана андан кийинки орундардан тышкары кызыктыруучу сыйлыктар бар.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мелис Эшимканов атындагы фонд журналистика факультетинде окуган студенттер арасында сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлады.
"Маркум журналист быйыл 60 жашка толмок. Анын ысымындагы фонд маркумду эскерүү ниетинде студенттер арасындагы эссе сынагын жарыялады", — деп айтылат билдирүүдө.
Шарттары:
Темасы: Кыргыз журналистикасынын эртеңи (жалпы тема, бирок автордун чеберчилигине чек коюлбайт);
Кимдер катыша алат: Кыргызстандагы окуу жайлардын журналистика факультетинин бардык курстарынын студенттери;
Эссенин көлөмү: 600-700 сөздөн ашпоого тийиш (эссе электрондук түрдө кабыл алынып, автордун аты-жөнү, телефон номери, электрондук дареги, окуу жайы, курсу так көрсөтүлүп, "Эссе сынагына" деп белгилөө шарт);
Тили: мамлекеттик жана расмий тилдер.
Чыгармаларды кабыл алуу 1-сентябрда токтотулат. Эссени jadyrajasha@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүүгө болот.
Байге фонду 50 миң сом (баш байге, 1-2-3-орундар, кызыктыруучу сыйлыктар).
Эгемен Кыргызстандын журналистикасынын чыйыр салуучуларынын бири, калеми күчтүү журналист, саясатчы, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, азыркы кыргыз басма сөзүндө эмгектенген журналисттердин жоон тобунун устаты Мелис Эшимканов көзү тирүү болсо быйыл 60 жашка чыкмак. Ал 2011-жылы 11-сентябрда жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Кыргыз тилдүү эркин басма сөздүн баштоочуларынын бири Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Мелис — бунтарь, Мелис — авантюрист, Мелис — демократ... Эсибиздеги Эшимканов
Жаңылыктар түрмөгү
0