Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алыбаева: жөлөк пулдун өлчөмүн жашоо минимумуна жеткирүү максатыбыз бар

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева президенттин жарлыгына ылайык, өткөн жылдын октябрынан тарта жөлөк пулдардын өлчөмү эки этап менен көтөрүлгөнүн белгиледи.
Жөлөк пулдар үчүн тоолуу аймактардын жана Баткен облусунун өзүнүн коэффициенти бар. Бул тууралуу Жаңыл Алыбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Алыбаева: жөлөк пулдун өлчөмүн жашоо минимумуна жеткирүү максатыбыз бар
Анын айтымында, 1-июндан тарта социалдык пулдун өлчөмүн жарандардын айрым категориялары үчүн жогорулатуу мерчемделүүдө.
"2021-жылдын октябрынан баштап жарандардын айрым категориялары үчүн жөлөк пулдардын өлчөмү эки этап менен көтөрүлдү. Биринчи этабында 50, ал эми ушул жылдын башынан 100-200 пайызга чейин жеткирилди. Ага ылайык, бала кезинен майыптыгы барлардын 1-2-3-топтогулары, томолой жана жарым-жартылай жетимдер, ВИЧ же СПИД жуктурган энелерден төрөлгөндөр жана ата-энеси дайынсыз балдардыкы жогорулатылды. Ал эми 1-июндан тарта жөлөк пулдун бир катар түрлөрүнүн өлчөмү жогорулатылат. Социалдык жөлөк пулдардын көтөрүлбөгөнүнө жети жылдын жүзү болду. 2026-жылга чейинки өнүгүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, социалдык маселелерге жаңыча багыт менен кетүүдөбүз. Ал үчүн алгач социалдык жөлөк пулдардын өлчөмүн жашоо минимумуна жакындатуу максатыбыз бар. Бул бардык аймактарга эле тиешелүү. Ал эми Баткен облусу жана тоолуу аймактарда жашагандардын өзүнүн коэффициенти бар. Алар башка мыйзамдар менен тескелет", — деди Алыбаева.
Ошондой эле бала кезинен майыптыгы барлардын биринчи топтогуларына жеке ассистент кызматы көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0