КРдеги россиялык бир нече каналдар боюнча чыккан маселени ВГТРК түшүндүрдү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков"Вести недели" маалымат-аналитикалык программасы. Архив
Вести недели маалымат-аналитикалык программасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
Россиялык бир нече каналдардын көрсөтүүсүндөгү көйгөй Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалган.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россиялык телеканалдардын Борбор Азиядагы бир нече мамлекеттерде көрсөтүлүшүндө чыккан көйгөй америкалык спутниктен улам болгон. Бул тууралуу "Sputnik Ближнее зарубежье" Тelegram-каналы ВГТРКнын эл аралык мамилелер боюнча дирекциясынын директору Петр Федоровго таянып билдирди.
Анын айтымына караганда, ВГТРКнын өзүнүн көрсөтүүлөрү жакынкы чет өлкөлөрдө бир секундага да үзгүлтүккө учураган эмес.
"Америкалык спутниктер биздин каналдарды жайгаштырбай калганда көрсөтүүлөрүбүз токтоду. Бирок операторлор дайыма жеткиликтүү болуп кала турган биздин булактан, "РТР-Планетадан" алса болот", — деген Федоров.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Кыргызстанда россиялык "Россия Культура", "Россия 24" жана "Звезда" телеканалдарынын эфири убактылуу токтотулганын жазган. Бирок бул туура эмес маалымат болуп чыкты.
Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстанда россиялык телеканалдар өчүрүлбөгөндүгүн айтты.
"Акнет" компаниясы расмий сайтына бир катар өлкөлөрдөгү мыйзамдык чектөөлөргө байланыштуу кечээ эл аралык спутниктен ВГТРКнын телеканалдарын көрсөтүү бир тараптуу блоктолгонун билдирген. Эфирден өчүрүү кыргыз операторлору тараптан болгон эмес. Провайдерлер сигнал ала турган эл аралык спутникте көйгөй жаралганын айткан.
Россиялык бир нече каналдардын көрсөтүүсүндөгү көйгөй Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалганын "Sputnik Ближнее зарубежье" жазды. Өзбекстанда бул көрүнүш болгон эмес, себеби жергиликтүү операторлор сигналды россиялык спутниктен алып келишкен.
Телевизор көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Облустук телеканалдар КТРКнын карамагына өтөт. Сунушталган мыйзам долбоор
Жаңылыктар түрмөгү
0