Баткенде ири жол кырсыкта көз жумгандардын сөөгү жерге берилди

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КР"Чечме" көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон жол кырсык
Чечме көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Баткен облусунун жетекчилери каза тапкандардын жакындарына президент Садыр Жапаровдун атынан көңүл айтты.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кадамжай районунун Чечме айылындагы "Чечме" өткөрмө бекетинде болгон жол кырсыктан көз жумгандар жерге берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Жерге берүү зыйнатына облустук жана райондук жетекчилер катышкан.
"Жетекчилер кырсыктан каза болгондордун жакындарына өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жана элдин атынан көңүл айтышты. Ошондой эле аталган кырсыктан жабыркаган жарандардан да кабар алып, алардын сакайып кетүүсүн каалашты", — деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, кечээ саат 16:00гө чукул Айдаркендеги Чечме айылында жайгашкан "Чечме" өткөрүү бекетинде ӨКМге караштуу HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа (трал) жол кырсыгына кабылган. Унаа имаратты, ошол жерде турган адамдарды жана жеңил автоунааларды сүзүп барып токтогон. Кырсыктын кесепетинен 8 адам, анын ичинен министрликтин эки кызматкери каза болгон. Ошондой эле көз жумгандардын бирөө Өзбекстандын жараны экени такталды. Мындан сырткары, ооруканага кайрылган 11 кишинин бирөө - өзбекстандык.
Чечме көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Баткен ОИИБ: кырсыкта каза болгондордун бирөө өзбекстандык, окуя иликтенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0