Валентина Шевченко: Пенья жана Нуньес менен беттешүүгө даярмын

© AFP / CODIE MCLACHLANUFC чемпиону Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен. Архив
UFC чемпиону Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Кыргызстандык чемпион эки спортчу менен тең беттешкен. Пеньяны экинчи раундда утса, Нуньестен эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко жеңил салмактагылар арасында чемпион Жулиана Пенья жана жарым жеңил салмактагы чемпион Аманда Нуньес менен беттешүү ниети бар экендигин билдиргенин South China Morning Post басылмасы жазды.
Кыргызстандык спортчу бир нече жыл мурда Жулиана менен беттешип, экинчи раундда жеңип алгандыгын эске салды. Алар 2017-жылы UFC on Fox 23 турниринде кармашкан.

"Эмнеге болбосун? Биз кызыктуу беттеш өткөрөт элек, себеби ал салмагын азайтып, мага чакырык салмак. Жулиананын Аманданы жеңүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде Аманда мени менен кармашкандай эле формада болсо, анда курду алып кетет да, биз баары бир беттешип, үчүнчү кармашты өткөрөбүз. Ал эми жалпысынан алганда, мага баары бир. Мен аны менен да, муну менен да беттеше берем", — деп айткан Шевченко.

Шевченко Нуньес менен эки ирет беттешип, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган. 2016-жылы болгон биринчи кармашта бразилиялык кыз калыстардын бир добуштан берген добушу менен жеңүүчү деп аныкталган. Экинчи ирет, 2017-жылы UFC 215 турниринин алкагында кездешип, калыстардын өзүнчө чечими менен артыкчылык анда да кыргызстандык кыздын атаандашына берилген.
Удушение до потери сознания — видео лучших моментов турнира UFC Vegas 54 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Эсти оодарган ыкмалар... Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0