Бишкекте дүкөндүн жанында токтотулган автоунааны уурдап кеткен видео

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКиши автоунааны уурдагандай. Иллюстративдик сүрөт
Киши автоунааны уурдагандай. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Автокөлүктү 13-майда уурдап кетишкен, ээси милицияга үч күндөн соң кайрылган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Борбор калаада эркек киши Toyota Camry автоунаасын эч кыйынчылыксыз эле уурдап, айдап кеткен.
Кылмыш жасалып жаткан мүнөттөр байкоо камерасына түшүп калган.
Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы окуя 13-майда саат 05:20да Каралаев көчөсүндөгү ири дүкөндөрдүн биринин жанында болгондугун билдирди. Белгисиз адам баасы 12,6 миң доллар болгон Toyota Camry автоунаасын уурдай качкан.
Уурулук фактысы аныкталып, шектүү делген 35 жаштагы кишини кармашкан.
Автокөлүктү Бишкектеги конуштардын биринен таап, ээсине кайтарып беришкен.
Бишкек шаарында уурдалган автоунаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Бишкекте таксисттин унаасын айдай качты деп 19 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0