БАЭни 18 жыл башкарган президент Халифа ибн Зейд Аль Нахайян дүйнө салды

© AFP / ANDREW COWIEБириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) президенти Халифа ибн Зейд Аль Нахайян
Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) президенти Халифа ибн Зейд Аль Нахайян  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Жазылуу
Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, ал 40 күнгө созулмакчы.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) президенти Халифа ибн Зейд Аль Нахайян узакка созулган оорудан улам 74 жаш курагында дүйнө салды. Расмий билдирүүнү Президенттик иштер боюнча министрлик таратты.

"Президенттик иштер боюнча министрлик БАЭ элине, араб жана ислам улутуна, жалпы дүйнө элине өлкө президенти шейх Халифа ибн Зейд Аль Нахайян дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтат", — деп жазылат кабарда.

БАЭде улуттук аза күтүү жарыяланып, ал 40 күнгө созулмакчы. Бул убакыт аралыгында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, бардык министрликтер, мамлекеттик мекемелер менен менчик ишканалар үч күнгө ишин токтотот.
Халифа ибн Зейд Аль Нахайян президенттик кызматты 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү атасы Зейд Аль Нахайян (1971-2004) башкарган.
Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адам деп табылган япониялык Канэ Танака. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Японияда дүйнөдөгү эң узак жашаган байбиче көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0