Бишкекте эки көчөнүн бөлүктөрү оңдоо үчүн жабылат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Жазылуу
"Бишкек жылуулук тармагы" айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырат.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкекте Фрунзе жана Турусбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы билдирди.
11-майда жылуулук тармактарын оңдоо иши башталат. Буга байланыштуу реконструкциянын биринчи этабында Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Шевченкого чейинки бөлүгү жабылат. Оңдоо иштери 5-июнга чейин созулат.
Экинчи этапта Турусбеков көчөсү Абдумомуновдон Фрунзеге чейин жабылат. Иш кайсы күнү баштала турганы азырынча айтыла элек.
"Бишкек жылуулук тармагы" түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырат.
Таш түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Боомдун жолунда таш түшүрүлүп, трасса жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0