Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жапаров: Украинадагы кризис боюнча нейтралдуу позициябыз өзгөрбөйт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кабар агенттигине маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы жаңжалды болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк болгонун айтты.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Украинадагы кризис боюнча Кыргызстандын нейтралдуу позициясы өзгөрбөйт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчы "нейтралдуу болуу мүмкүн эмес" деп Батыш өлкөлөрү эле эмес, башкалары да ак же кара болгула деп айтып жатышканын белгиледи.
"Нейтралдуу болуу эң сонун эле мүмкүн. Украин, беларус, орустар — кыргыз, казак, өзбектер сыяктуу эле тили, дили да окшош бир тууган эл болушат. Качандыр бир убакта баары бир тил табышып алышат. Биз эки тарап менен тең СССРде 70 жыл бир үй-бүлөдөй болуп жашаганбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент эки жактан тең адамдар кырылып кеткени баары үчүн эле трагедия болуп жатканын айтты. Анын пикиринде, жаңжалды болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле.
"Бирок ортодогу эки тарапка туура эмес маалымат берилип, согуш башталып кетти. Президенттерин адашууга алып барышты. Анын үстүнө ортого от жаккан тараптар дагы токтотконго күч жумшагандын ордуна күчөтүп жатышпайбы. Тескерисинче, Минск келишимин аткаргыла деп катуу талапты коюшса согуш болмок эмес. Минск келишимине Россия, Украина эле эмес, Германия менен Франция дагы кол коюшкан экен. Биз кичинекей эле мамлекетпиз. Таасирибиз деле жок. Бир тарабын колдой койсок эле алар жеңип кетмек беле", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, мамлекет башчы Кыргызстандын тышкы саясаты дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болуу принцибин карманарын айтты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кабар агенттигине маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жапаров: жаңы Ак үйдүн жанына имарат куруп, министрликтерди да көчүрүп кетебиз
Жаңылыктар түрмөгү
0