Мамлекеттик ишканаларды пайданын 50%ын которуудан бошотуу каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жазылуу
Бул туурасында Бакыт Төрөбаев Чүйдөгү ишканаларды кыдырып жүргөндө айткан.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна президенттик администрацияга мамлекеттик ишканаларды таза пайдадан 50 пайыздык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүү тапшырылды.
Мындай көрсөтмөнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы мамлекеттик ишканаларды кыдырып жүргөндө бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Төрөбаев учурда министрлер кабинети мамлекеттин катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун менеджментинин майнаптуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айткан.
Vинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы мамлекеттик ишканаларды кыдыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Кыргызстандагы мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0