Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожоярова: эл ишин сотко жеткирбей чечип алууга кызыкдар боло баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук медиациялык борбордун негиздөөчүсү Гүлсина Кожоярова
Улуттук медиациялык борбордун негиздөөчүсү Гүлсина Кожоярова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Улуттук медиациялык борбордун негиздөөчүсү Гүлсина Кожоярова калкка медиация кызматы тууралуу маалымат жакшы сиңе электигин айтты.
Улуттук медиациялык борбор 2011-жылдан тарта иштеп келет. Учурда жети облуста бөлүмдөрү бар. Бул тууралуу Гүлсина Кожоярова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кожоярова: эл ишин сотко жеткирбей чечип алууга кызыкдар боло баштады
Анын айтымында, медиациялык борбор калкка акысыз кызмат көрсөтөт.
"Мен кесибим боюнча юристмин, адвокат болуп иштеп жүргөн учурда дайыма жүрөгүмдү бир суроо өйүп келчү. Анткени сотко кайрылган жарандар сөзсүз түрдө бир тарабы соттун чечимине нааразы болуп кетет. Андан ары кайра соттук териштирүү уланат. Көбүнесе жарандык маселелерди карап отурсаң, эки тарап сотко жеткирбей эле чечип алуу мүмкүнчүлүгү жок. Бирок аларды ошол сүйлөшүү, орток чечим кабыл алууга алып келүүчү орган жетишпегендей. Ушул көйгөйдү колго алуу максатында 2011-жылы Россияга барып атайын окуудан өтүп келип, улуттук медиациялык борбор түздүм. 2012-жылы расмий каттоодон өттүк. Биз баштаганда эле бул кыргызстандыктар үчүн конфликтини чечүүдөгү жаңы багыт болуп жаткандыктан акысыз иштөөнү пландаганбыз. Азыркы күнгө чейин республиканын жети облусунда бөлүмдөрүбүздү ачып, 40 медиатр иштеп жатат. Алар биздин борбордун "Ынтымактуу жашоо" долбоорунун алкагында кайрылгандарды акысыз тейлешет. Бул аралыкта 500дөн ашуун медиатрды окутуп чыктык. Окутуулар азыр деле уланууда", — деди Кожоярова.
Ал медиация кызматын аймактарда ар бир айыл өкмөт алдында жайылтуу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0