Казакстан ичимдик эң көп ичилген мамлекеттердин катарына кошулду

© Фото / Pixabay / tookapicБарда отурган киши. Архив
Барда отурган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин айтымында, жылына эркектер арасында алкоголдук ичимдик орто эсеп менен 25 литр ичилсе, аялдар арасындагы көрсөткүч 9 литрге жакын.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Казакстан эли спирт ичимдиктерин эң көп ичкен мамлекеттердин катарына кошулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Ажар Гиниятка шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Министрдин айтымында, жылына эркектер арасында алкоголдук ичимдик орто эсеп менен 25 литр ичилсе, аялдар арасындагы көрсөткүч 9 литрге жакын.
"Тилекке каршы, Казакстан алкоголдук ичимдиктерди эң көп колдонгон өлкөлөрдүн катарына кирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) рейтингинде Казакстан дүйнөдө 10-орунда. Ошол эле жол кырсыктары, зордук-зомбулуктан өлгөндөрдүн саны жогору. Мындай каргашанын көпчүлүгүнө ичимдик себеп болгону белгилүү", — деди Гиният.
ДССУнун 2019-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Казакстанда 15 жаштан жогору эркектердин арасында тамеки чеккендердин саны 38 пайыз болсо, аялдар арасында 6,4 пайызды түзөт. Ал эми 15 жаштагы балдар арасында чылым чеккендер 10 пайыздан ашса, кыздар алты пайызга жетет.
Ошондой эле жаштар арасында электрондук чыгым чеккендердин саны көп экени кошумчаланды.
Шарап куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Ичкиликти кантип таштаса болот? Наркологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0