Мединский: Украина негизинен Россиянын башкы талаптарына макул болду

© POOL / Медиабанкка өтүүРоссия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрү учурунда
Россия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Россиянын сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн делегациясынын башчысы Мединский Украина биринчи жолу РФ үчүн маанилүү шарттарды аткарууга даярдыгын жазуу жүзүндө билдиргенин айтты.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Украина негизинен Россиянын НАТОго кирбөө жана өлкө аймагында чет элдик аскер базаларын жайгаштырбоо боюнча башкы талаптарына макул болду. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал белгилегендей, Украина келечекте кабыл алынып калышы мүмкүн болгон келишимдин принциптерин кагаз жүзүндө берди. Анда Украина НАТОго кирүүдөн, өзөктүк куралдарды жана массалык өлүмгө алып келчү башка куралдын түрлөрүн алууну жана пайдаланууну, ошондой эле чет элдик аскер базаларын жана аскер контингенттерин өз аймагында жайгаштыруудан баш тарта турганы камтылган.
"Башкача айтканда, Украина Россия акыркы жылдары талап кылган негизги нерселерди аткарууга даяр экенин билдирди", — деген Мединский "Россия 24" телеканалынын эфиринде.
Анын айтымында, эгерде талаптар аткарылса, Украинанын аймагында НАТОнун аскер аянтчасын түзүү коркунучу болбойт.
Ошондой эле RT телеканалы Мединскийдин толук билдирүүсүн таратты.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Мариупольдогу Россия куралдуу күчтөрүнүн жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялыктар арасында Украинадагы атайын операцияны колдогондор көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0