Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманакун уулу: Бишкекте көп кабаттуу 37 үй мыйзамсыз курулууда

© Sputnik / Асель СыдыковаАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык архитектураны контролдоо жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык архитектураны контролдоо жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык архитектураны контролдоо жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу учурда көп кабаттуу 410 үй курулуп жаткандыгын айтты.
Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 37си мыйзамсыз тургузулуп жатат. Бул тууралуу Талантбек Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Иманакун уулу: Бишкекте көп кабаттуу 37 үй мыйзамсыз курулууда
Анын айтымында, мыйзамсыз курулган көп кабаттуу 12 үйдө эл жашоодо. Алардын иши боюнча сот процесстери жүрүп жатат.
"Учурда Бишкекте көп кабаттуу 410 үйдүн курулуш иши жүрүп, анын 37си мыйзамсыз тургузулууда. Мыйзамсыз курулган 12 үйдө эл жашап жатат. Алардын тагдыры сот аркылуу каралып, тиешелүү чечим чыгат. 2021-жылдын 12-февралында өкмөттүн токтомунун №38 жобосу менен Мамлекеттик техинспекцияга бардык 12 тармактагы көзөмөл функциялары берилген. Өкмөттүн реформасынын негизинде ошол милдеттер кийин жокко чыгарылып, тиешелүү министрликтерге бөлүштүрүлгөн. Былтыр 21-декабрда министрлер кабинети №310 токтомду кабыл алган. Эми мыйзамга ылайык, ошол токтомду Жогорку Кеңеш бекитип бериши керек", — деди Иманакун уулу.
Ошондой эле адис Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына жана коопсуздук маселелерине абдан көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0