Швейцария RT менен Sputnik агенттигине чектөө киргизбейт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүRT (Russia Today) каналынын логотиби. Архив
RT (Russia Today) каналынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Украинадагы кырдаалга байланыштуу 2-марттан тарта Russia Today жана Sputnik басылмаларынын контенттерине чек койгон.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Швейцария Russia Today жана Sputnik ЖМКларына чектөө киргизбейт. Бул тууралуу мамлекеттин Федералдык кеңешине шилтеме берип РИА Новости жазды.

“Европа биримдиги 1-мартта Sputnik жана Russia Today ЖМКларын трансляциялоону токтотуу чечимин кабыл алган. Швейцария бул эрежени карманбай турганын билдирди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Украинадагы кырдаалга байланыштуу 2-марттан тарта Russia Today жана Sputnik басылмаларынын контенттерине чек койгон.
Ошол эле күнү АКШнын Meta * компаниясы "Россия сегодня" агенттигинин бардык ресурстарынын тиркемелерин өчүрүп койгон.
*Meta (Facebook жана Instagram) Россияда тыюу салынган экстремисттик компания.
Мадридде күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу митингдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Испанияда кымбатчылыктан улам митингдер өтүп жатат. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0