Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев. Архив
Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Маалыматка караганда, Жамалбек Ырсалиев калаанын вице-мэри болуп дайындалды. Ал эми Максатбек Сазыкулов Биринчи май районун жетектемей болду.
Мындан тышкары, Президенттин администрациясынын чечимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн эксперти Азиз Садырбеков ротация жолу менен мэриянын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Эске салсак, Жамалбек Ырсалиев өткөн жылы Бишкектин биринчи вице-мэри болчу. Бирок сентябрь айында Биринчи май районунун акими болуп дайындалган.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басары дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0