Таиландда табылган жүндүү жыландын видеосу

Жазылуу
Таиландда эркек киши териси жүн менен капталган өзгөчө жыланды таап алды. Окумуштуулар таң калычтуу кубулуш тууралуу өз версиясын айтышты.
Эркек киши жыланды өз үйүнүн жанындагы көлчүктөн көргөн. Мындай жаныбарга Таиланддын тургундары эле эмес, интернет-колдонуучулардын баары таң калууда.
Видеодон көрүнгөндөй, жыландын териси жашыл жүн менен капталган.
"National Geographic Россия" маалыматына ылайык, мындай сойлоочу жаныбардын түрүн аныктоо оңойго турбайт. Бирок зоологдор бул Homalopsidae тобундагы жылан экенин айтышкан. Окумуштуулардын версиясы боюнча, жылан көпкө чейин суусу аз, таш аралашкан сазда байырлагандыктан терисине түк чыгып кеткен.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0