Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда кыз-келиндер футболу канткенде өнүгөт? Машыктыруучунун сунушу

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаФутбол боюнча кыз-келиндер курама командасы
Футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
Машыктыруучунун айтымында, кыз-келиндер футболун мектептин программасына киргизүү керек. Себеби мелдештерге барып, алардын арасынан мыктыларын тандап алууга шарт түзүлөт.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстанда аялдар арасындагы футболду өнүктүрүү үчүн кандай иштер жасалышы керектигин футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча брифингге катышты.
Машыктыруучунун айтымында, ар кайсы аймактардан жаш таланттарды топтоо үчүн программасына кыз-келиндер футболу кирген спартакиадаларды уюштуруу керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева
Тренер юниорской женской сборной КР Гульбара Уматалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева
"Футбол федерациясы көптөн бери эле Билим берүү министрлигине кат жазып, окуучулардын спартакиадасына кыз-келиндер футболун киргизүүнү сунуштап келет. Ошондо бул спорттун түрү ордунан жылмак. Машыктыруучулар дагы саналуу гана. Алар бардык мектептерге бара албайт. Буга акча да, убакыт да, күч дагы жетишсиз", — деди Уматалиева.
Ал ошондой эле республиканын аймактарында таланттуу кыздар көп экенин, мүмкүнчүлүк болсо алардын потенциалын ачса болорун белгиледи.
"Эгер кыз-келиндер футболу мектептерде бар болсо биз барып мыктыларын тандап кеткенге шарт түзүлмөк. Издеп отурбай тандап алган жеңил да. Аймактарда кандай гана таланттуу кыздар бар. Бир эле Чүйдөн канчалаган таланттар чыкмак. Бизде өзүбүз барып издегенге шарт жок. Бирок мектептерде мелдештер өтүп турса алеки саатта үч-төрт мектепке барып мыктыларды тандап алмакпыз", — деди машыктыруучу.
Уматалиева эгер мамлекет Кыргызстанда кыз-келиндер футболу өнүгүп-өсүшүн кааласа бул маселени чечүү керек деп эсептейт.
"Футбол — бул анча кымбат эмес, бүйүр кызыткан, массалык оюн. Аны өнүктүрүү калктын саламаттыгы үчүн маанилүү. Билим берүү министрлиги мектептеги спорт жана дене тарбия боюнча программаны кайра карап чыгышы керек. Эгер 1000 кыз футбол ойносо алардын баары тең бул спортту сүйүп калат. Эгер ошол 1000 кыздын ичинен 20сы спортто калса чоң жетишкендик болот", — деди ал.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын футбол боюнча юниорлор командасы Душанбеде өткөн Борбор Азиянын Футбол ассоциациясынын турниринде (CAFA Cup) үчүнчү орунду ээлеген.
Футбольный мяч. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Кыргызстандык кыз ирандыктардын дарбазасына суктанарлык гол киргизди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0