Cold Response 2022 машыгуулары. НАТОнун кырдаалды курчутууга кезектеги кадамы

© AFP / GEIR OLSENCold Response 2022 машыгууларына Норвегияга жеткирилген аскердик техника
Cold Response 2022 машыгууларына Норвегияга жеткирилген аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Түндүк атлантикалык альянстын Норвегия жана ага чектеш деңиз акваториясындагы ири аскердик машыгуулары – Русский Севердин бекемдигин текшерүү, РФ Куралдуу күчтөрүн украиналык согуштук аракеттер театрынан алагды кылуу далалаты.
14-мартта башталып, апрелге дейре созула турган Cold Response 2022 аскердик окуулары булардан тышкары россиялык жээктерде деңиз блокадасынын элементтерин өздөштүрүү, башкача айтканда, Үчүнчү дүйнөлүк согушту тутантууга чагымчылдык кылууга ниетин чагылдырып турарын боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул сапар ушул машыгууларга баам салган.
НАТОнун кургактагы, аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүнүн Cold Response 2022 окууларына быйыл 27 өлкөдөн 30 миңдин тегерегинде жоокер катышат. Ага 200 учак жана 50 аскердик кеме тартылган. Марттын ортосунан келерки ай жаңырганча уланат.
Андан мурун эле королдуктун территориясында Brilliant Jump 22 машыгууларынын алкагында 12 өлкөнүн 2 500 чакты аскеринен турган НАТОнун Ыкчам аракет этүү күчтөрү жайгаштырылган. Альянс биргелешкен окуулар коргонуу мүнөзүндө экенин, "чар тараптап келген кандай коркунуч болбосун чечкиндүү чара көрүү" жөндөмүн көрсөтөрүн белгилейт. Бирок Норвегия НАТОлук Улуу Британия жана Дания менен Түндүк деңиз аркылуу, бейтарап Швеция жана РФ (кургактагы россиялык-норвегиялык чек ара 200дөй чакырымга созулат) менен гана коңшулаш. Анан албетте, НАТОнун Норвегия жана анын тегерегиндеги деңиз акваториясындагы күч көрсөткөнү Россияга гана даректелген.
Норвегиялык чек арадан россиялык Мурманскиге чейин 100 эле чакырым аралык, ал эми РФтин Түндүк флотунун стратегиялык объектилерине чейин жапжакын. "Коргонуучу" мүнөздөгү Cold Response 2022 окууларына АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн сокку уруучу эки авиаташуучу тобу, төрт В-1В Lancer стратегиялык үндөн ыкчам ылдамдыктагы бомбалоочу тартылган. Булар аба – жер бети тибиндеги AGM-158B JASSM-ER анча байкалбас канаттуу ракеталарынан 24 бирдикти 980 чакырымга чейин ташый алат. Андай ракеталар катуу корголгон маанилүү буталарды кыйратууга багытталып, F-15E, F-16C/D, F-35C истребителдеринде да пайдаланылат. Норвегиялык Аннейя авиабазасында АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн кайгуул авиациясынын Boeing Р-8 Poseidon эскадрильясы жайгаштырылган. Бул учактарда торпедалар жана кайыкка каршы коргонуучу бомбалар бар.
Вашингтон менен Москванын ортосундагы тиреш ырбагандан ырбап барат. Америкалыктар тирешүүнүн негизги чеги Арктика экенин жашырууга да тырышпайт. Украинадагы россиялык күчтөрдүн атайын операцияларын эске алуу менен РФ чек араларына жакын өтүп жаткан Cold Response 2022 окуулары өзгөчө мааниге ээ болуп, РФ жана түндүккө карай болжолдуу (алаксытуучу) соккудан ишарат кылгандай сыяктуу. 2020-жылдагы "муздак" окууларына караганда быйыл НАТОнун аскерлери жана күчтөрү эки эсеге көбөйтүлгөн.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина, Батыш жана санкциялар... Путиндин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары
НАТОнун биргелешкен күчтөрү окууларда "заманбап душман" менен салгылашка машыгышат. Бортунда F-35B Lightning көзгө көрүнбөс истребители бар HMS Prince of Wales авиа ташуучусу Cold Response окууларында командалык кеме катары колдонулуп, НАТОнун глобалдык окуяларга аракет этүү үчүн түптөлгөн Жогорку даярдыктагы эл аралык деңиз күчтөрүн жетектейт. Америкалык USS Harry S. Truman авиа ташуучусунун да бул иш-чарага тартылганы өтө эле аша чапкандык деп баалоого болот.
Кандай болгон күндө да альянстын кургактагы күчтөрүнүн 30 миңдей жоокери, 200 учак, 50 согуштук кемесинин катышуусундагы машыгууга Россиянын Түндүк флотунун күч жана каражаттары тынымсыз көз салууда. НАТОнун окуулары РФтин кеме, авиациялык жана космостук күчтөрүнө алаканга салгандай ачык көрүнөт.
Заполярьедеги түндүк атлантикалык альянстын кансыз согуштан берки эң ири машыгуулары россиялык "Циркон", "Триумф", "Бастион" өңдүү табылгаларынын көз кырында. Ошону менен бирге эле Россиянын Аскер-деңиз флоту жана Аба-космостук күчтөрүнүн жаңы техникаларын майнаптуу сынап көрүүгө да чоң өбөлгө болмокчу.
Баренц деңизинин россиялык тармагынан кое берилсе "Циркондор" Норвегия деңизиндеги бутасына болжол менен 10 мүнөттө жетет. Кокус аскердик жаңжал тутанып кетсе, Москва альянстын Норвегия жана Гренландия деңизиндеги Аскер-деңиз күчтөрүнөн коргонуу позициясын активдештирүүнү чечет.
РФ Түндүк флотунун сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрү каалаган душманын жок кылууга жол берет. Мисалга, Cold Response 2022 окууларына 22350 долбоорунун "Адмирал Горшков" фрегаты көз салат. Ал былтыр гиперүндүү "Цирконду" он жолу кое берген. Мындан улам америкалык жана британиялык USS Harry S. Truman жана HMS Prince of Wales авиаташуучулары Россиянын Аскер-деңиз флотунун Түндүк канаты менен болжолдуу кагылышта оңбой калат.
Абадан сокку уруучу топтун башка кемелери үчүн "Горшковдун" бортунда ыраак аралыкка багытталган "Калибр" жана "Оникс" канаттуу ракеталары бар. РФтин "өнөктөштөрүнүн" африкалыктарды үркүтүү же Перс булуңунан мунайды коопсуз жеткирүүнү камсыздоо үчүн гана түзүлгөн – жылуу-жумшакка көнгөн Аскер-деңиз күчтөрү Арктикада тоңуп же иштен чыгып калышы ыктымал экенин айтпай деле коелу.
Мурда Баренц деңизиндеги Trident Juncture 2018 окууларында "Трумэндин" тоңуп калган палубасынан бир дагы истребитель уча албай койгону белгилүү. Америкалык деңиз пехотасы ызгаардан колдоюп эле калган.
Россиялык аскердик кеме жана учактар ар кандай аба шартында милдеттерин мыкты аткарып, ал эми Кола жарым аралындагы "Мурманск" радиоэлектрондук күрөш станциясы Cold Response 2022 окууларынын зонасындагы альянстын навигация, байланыш жана башкаруу тутумун өчүрүп кое алат.
Дүйнөдө эч ким Норвегиянын территориясы же табигый байлыктарына көз артпайт. Эмнеликтен бардар жана бакубат королдук өз аймагын Россия менен согуш "оюнуна" бергени анчейин түшүнүксүз. НАТОнун машыгуулары Арктикада аскердик чыңалууну күчөтүп, натуура эсеп, окуялар жана кырдаалдын курчуп кетишине тобокелдиктердин санын арттырат.
Донецктин борборунда Украинанын ракетасы жарылган жерде турган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевден пикир: Украинага чындап денацификация керек
Заполярьеде Россияга каршы куралдуу чагымчылдык Норвегияны кыйроого кептейт. Кудуреттүү союздаштары да көмөктөшө албайт, себеби Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башында эле жок болушу ыктымал (Россиянын өзөктүк дараметин акылгөйлүк менен баалаган оң).
АКШнын өзү каалагандай түзгөн пландары, Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясы болбостон Россия менен бүтүндөй соодага, РФтин жарандык флотуна эл аралык деңиз жолдорун пайдаланууга тыюу салышы – бул блокадага даярдык көргөнү. Бул – аскер-деңиз күчтөрүн колдонуу менен түздөн-түз агрессия актысы. Деңиздеги соода жолдоруна бөгөт коюу – согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн душмандын экономикасын солгундатуу максатындагы эл аралык документтер менен жөнгө салынуучу формасы.
Деңиз блокадасын жарыялоо менен кармашып жаткан өлкөлөр касташкан мамлекеттердин деңиз коммуникациясын үзгүлтүккө учуратууга умтулушат. Мында РФ өтө маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерине таасир этүү аракеттерин өзөктүк куралды колдонууга негиз катары карай турганын эстен чыгарбоо абзел. Андан көрө Россия тараптын теңата жана бөлүнгүс коопсуздук жөнүндөгү 2021-жылдын декабрындагы сунуштарына көнгөн оң.
Кошмо Штаттардын агрессивдүү тышкы саясаты НАТО өлкөлөрүн жана бүтүндөй адамзатты Үчүнчү дүйнөлүк согушка түз эле түртүүдө. Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү тегин жерден Вашингтондун кесипкөйлүккө жатпаган, моралдык чекке сыйбаган жана жоопкерчиликсиз түрдө жалган маалыматтарды таратып жатканын билдирүү менен "Украина каатчылыгынын курчушундагы өз ролун талдап көрүүгө" тегин жерден чакырбагандыр.
Бир аз убакыт мурун Вашингтон Россияга каршы жапырт санкциялык, маалыматтык согушунда Пекинди өз тарабына тартууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Яворов полигонундагы аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Яворов полигонуна урулган сокку. РФтин НАТО менен Пентагонго соңку эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0