Мүлкүн жашырган адамдарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоор чыкты. Шарттары

© Sputnik / Табылды КадырбековСейфтеги сом купюралары. Архив
Сейфтеги сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлиги "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ага ылайык, активдерин ачыктаган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Министрлик буга чейинки мунапыс берүү мыйзамдары натыйжа бербегенин белгилеп, мында Грузия, Казакстан жана Италиянын тажрыйбалары изилденип чыкканын жазган.
Легалдаштыруу процесси жөнөкөйлөштүрүлүп, атайын декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүүгө же тастыктоону талап кылууга эч кимдин укугу жок экендигине кепилдиктер берилген. Төлөмдөрдү эсептөө механизми жана чектүү сумма кайра иштелип чыкты.
100 миллион сомдон ашпаган активдерди декларациялоо бекер, эгер андан ашса бюджетке 1 миллион сом төлөө шарт. Декларациянын активдеринин наркы ээлери тарабынан өз алдынча аныкталат жана анын иш жүзүндөгү наркка ылайык келүүсү текшерилүүгө жатпайт.
Мунапысты колдонууну каалаган жарандар 2022-жылдын 31-декабрына чейин ыйгарым укуктуу органдарга кайрылышы шарт.
Активдерин легалдаштыргандарга берилчү кепилдиктер:
Мамлекет ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке жактар тарабынан өзүнүн мүлктүк абалын жана кирешелерин ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берилген бардык декларацияларды (кагаз жана электрондук версияларын) расмий түрдө жок кылууга кепилдик берет. Мындай иштер мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндө жасалат;
Эгер мурда кылмыш иши козголсо анын алкагында декларациялоо жол-жобосу аяктаганга чейин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат;
Декларациялоо активдердин иш жүзүндөгү ээлерине салык, бажы жана башка төлөмдөрдү төкпөстөн активдердин номиналдык ээлеринен өзүнүн менчигине каттап алуу укугун берет;
Декларацияда камтылган маалыматтарга таянып кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес;
Атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдердин мыйзамдуулугуна байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча өндүрүш кыскартылууга тийиш.
Төмөнкүлөрдөн бошотулат:
Эгерде атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда (сатып алуу булактарын түзүүдө), пайдаланууда же болбосо тескөөдө мыйзамсыз аракеттерди жасаса бардык жоопкерчиликтен бошотулат;
Декларант өзүнүн активдеринин келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат;
Атайын декларация бардык мамлекеттик органдар үчүн декларацияда көрсөтүлгөн акча каражатынын жана активдердин келип чыгышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документ болуп саналат.
Декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры катары таанылат жана кандайдыр бир жол менен ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. Мамлекеттик органдар, соттор атайын декларацияны жана анда камтылган маалыматтарды талап кылууга жана алууга укуксуз. Ал мүлк ээсинин ыктыярдуу каалоосу боюнча гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары ушул кепилдиктерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, бул мыйзам финансылык террордук ишти жасоо, адамдарды соодалоо, бандитизм жана баңгизат каражаттарын жүгүртүү аркылуу киреше алгандыгы үчүн издөөдө жүргөн адамдарга жайылтылбайт.
Ошондой эле конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун чечими чыккан жана соттук кароонун предмети болуп саналган мүлккө тийиштүү эмес.
Президент Садыр Жапаров ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Садыр Жапаров ата мекендик ишкерлер менен жолукту. Сүйлөшүлгөн маселелер
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Салыктык мунапыска илинген ишкерлердин жарым млрд. сом айып пулу кечирилди
Жаңылыктар түрмөгү
0