Сауд Аравияда коопсуздук күчтөрүнө кол салган 81 адам өлүм жазасына тартылды

© AFP / YASIN AKGULСауд Аравиясынын желеги. Архив
Сауд Аравиясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Жазылуу
Өлүм жазасына тартылгандардын арасында Йемендин жети жараны да болгон.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Сауд Аравиянын бийлиги коопсуздук күчтөрүнө кол салган 81 адамды өлүм жазасына тартты. Анын ичинде Йемендин жети жараны бар. Бул тууралуу Королдуктун Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, бул адамдар чет өлкөнүн колдоосу менен террордук топ да түзүшкөн.
"81 адамды өлүм жазасына тартуу боюнча чечим Апелляциялык жана Жогорку сотто күчүндө калтырылып, жарлык чыккан соң ишемби күнү аткарылды", — деп айтылат маалыматта.
Сауд Аравиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлүм жазасына тартылгандардын арасында Йемендин жети жараны, өлкөнүн чыгышынан бир топ жаштар болгон.
Тюрьма Пули-Чарки в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Талибдер өлүм жазасы менен кол кесүүнү кайрадан киргизүүнү ниеттенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0