Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жуматаев: Батыш убадасын аткарбагандыктан Украинадагы жагдай жаралды

© Sputnik / Асель СыдыковаКоргоо министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Эркин Жуматаев
Коргоо министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Эркин Жуматаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Коргоо министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Эркин Жуматаев Батыш менен Россиянын ортосундагы кризистин келип чыгуу тарыхына токтолду.
Батыш өлкөлөрү убадасын аткарбай НАТОнун чек арасын жылдырып келгенинен улам Украинадагы жагдай жаралды. Мындай пикирин Эркин Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жуматаев: Батыш убадасын аткарбагандыктан Украинадагы жагдай жаралды
Анын айтымында, соңку жылдарда Украинанын аймагында аскер базалары курула баштаган.
"СССР тарай электе Батыш өлкөлөрү Михаил Горбачевго НАТО Чыгышты көздөй бир карыш жылбай турганын убадалашкан. Анан союз урагандан кийин НАТОго Польша, Литва, Латвия, Эстонияны киргизишти. 2014-жылдагы төңкөрүштөн кийин Украинага Батышка ыктаган бийлик келди. Ошондон тарта Украинаны дагы аталган уюмга киргизүүгө далалаттар жасала баштады. Ушундан улам Украинадагы жагдай жаралды. Негизинен алганда АКШнын саясаты башынан ушундай. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди алсыздандырып турушат. Украинада дагы Сирия, Ливиядагыдай сценарийди ишке ашыруу максатталып, төңкөрүштөн кийин улутчулдар күч алып, алар Одессада карапайым адамдарды кырып салды. Мындан тышкары, Украинанын аймагында аскердик базалар курулду. Батыштан аскер инструкторлору келип окутуулар жүргүзүлүп турду. Эң соңунда Украина бийлиги атомдук куралы бар өлкө болушу керектигин айта баштаганы акыркы чек болуп калды. Мына ушунун баары Украинада атайын операция жүргүзүүгө себеп болду", — деди Жуматаев.
Ошондой эле ал көз карандысыздыгын жарыялаган Луганск жана Донецкиде сегиз жылда 14 миңден ашуун карапайым адам өлтүрүлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0