Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 55,35 млн. доллар сатты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом акчасы. Архивдик сүрөт
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
Бүгүн АКШ доллары 98 сомго чыкты. Мындан улам башкы банк интервенция жасаган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногундагы кырдаалдан улам бүгүн, 4-мартта, 55, 35 миллион доллар сатты. Бул тууралуу башкы банктан кабарлашты.
Сумманын ичинен 26,80 миллион доллары накталай сатылган.
Белгилей кетсек, бүгүн АКШ доллары 98 сомго чыкты. Өткөн бейшемби күнү доллар 10 сомго чейин кымбаттап, 95 сомго чыккан. Андан кийин 90 сомго чейин түшүп, дүйшөмбүдөн тарта кайра көтөрүлө баштаган. Бирок 97 сомдон аша элек болчу.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын-валюталык запас колдонулат. Резервде ондогон валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун төлөм каражаты) жана алтын куймалар бар.
Бишкектеги Моссоветте акча алмаштыруу жайынын таблосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Доллар кайрадан кымбаттады. Улуттук банктын билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0