Мадумаровдун ишин караган депутаттык комиссия жумушун 10-мартка чейин улантат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Эл өкүлү “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жумушун 10-мартка чейин улантмай болду.
Бүгүн парламенттин депутаттары “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угушту. Эл өкүлдөрү талкууну жабык эшик артында жүргүзүштү.
Айрым депутаттар шашылыш чечим кабыл алуу туура болбой каларын айтып, ишти кароо мөөнөтүн узартууну сунушташкан. Узакка созулган талкуудан кийин депутаттар бир чечимге келе албай, комиссиянын иши 10-мартка чейин жылганы маалым болду.
Башында Башкы прокуратура Мадумаровду “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен айыптаган. Бүгүн кылмыш ишти “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөрткөнү белгилүү болду.
Эске салсак, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан. 10-февралда башкы прокурор парламенттен эл өкүлүн жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнгөн. Мындан улам кылмыш ишин иликтөө үчүн алты депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Агам менен кеңешип жатабыз. Шаирбек Ташиев мандаты тууралуу жооп берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0