Бишкек мэри бюджет тууралуу маалыматты ачыктап, ишенимди арттырууну пландоодо

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек мэриясын имараты. Архив
Бишкек мэриясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Калаа жетекчиси Эмилбек Абдыкадыровдун пикиринде, шаардын бюджети тууралуу маалымат ачык-айкын болушу зарыл.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Борбор калаанын бюджетине канча акча түшүп, анын ар бир тыйыны кайда жумшалып жатканын салык төлөөчүлөр билиши керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров брифинг учурунда билдирди.
"Шаардын бюджети тууралуу маалымат ачык-айкын болушу шарт. Мен аны мэриянын коридоруна илип коюуну пландап жатам. Акча тууралуу журналисттер гана эмес, ар бир салык төлөөчү билиши керек", — деди мэр.
Калаа жетекчиси анын эшиги каалоочуларга ар дайым ачык экенин, ал эми ишемби күндөрү элди кабыл аларын эске салды. Ошондой эле шаарды өнүктүрүү боюнча мыкты сунуштар болсо, карап көрүүгө даяр экенин кошумчалады.
Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Бишкектин жаңы мэри Жапаров жана Ташиев менен кандай мамиледе экенин айтты
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Бишкек мэри: бизнес маморгандын артынан чуркабай, тескерисинче болушу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0