Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жо Байдендин адашып украиналыктарды ирандыктар деп алган видеосу

© AFP / JIM LO SCALZOАмериканын президенти Жо Байден
Американын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Американын президенти Жо Байден 1-март күнү өлкөдөгү абал боюнча өз элине маалымат берип, кайрылуу жасады. Анда ал АКШ Украинаны колдой турганын билдирди.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден конгресстин алдында сүйлөп жатып, украиналыктарды ирандыктар деп атап жаңылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Путин Киевди танктар менен курчап алышы мүмкүн, бирок ал эч качан ирандыктардын жүрөгү менен жан дүйнөсүн ээлеп ала албайт", — деди Байден.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Андан соң Украина тарап сүйлөшүүнү сунуштап, Россия макул болгон. Алгачкы раунд Беларустун Гомель облусунда өтүп, делегациялар жетекчилик менен кеңешүү үчүн тарашкан. Ушу тапта сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду күтүлүүдө. Ал эми Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы уланып жатат.
Ал арада АКШ менен ЕБ Россияга карата санкциялардын бир нече пакетин жарыялап, чектөөлөр уланууда.
АдГ парламенттик тобунун лидери Алиса Вайдель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Немец депутаты: Украинага НАТО менен ЕБге мүчөлүк убадалоо чоң ката болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0