Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ, Британия, Канада Путин менен Лавровго каршы санкция киргизди. Москванын жообу

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял верительные грамоты у послов иностранных государств
Президент РФ В. Путин принял верительные грамоты у послов иностранных государств - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
АКШнын Финансы министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, санкция учурунда Путин менен Лавровдун Америка юрисдикциясы боюнча бардык активдери буулуп, АКШлык жеке жана юридикалык тараптар алар менен иштешпейт.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. АКШ, Канада жана Улуу Британия Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго каршы санкция жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун билдирүүсүнө таянып, РИА Новости жазды.
"Бүгүн АКШ өнөктөш өлкөлөр менен кеңешип туруп, Украинага кол салып кирип барганына байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавровго каршы санкция жарыялады. Бул санкциялар жана буга чейин көрүлгөн чаралар Россияны дүйнөлүк финансы системасынын жана эл аралык коомчулуктан бир топ алыстатат. Мисалы, Путин менен Лавровдун АКШ юрисдикциясы боюнча бардык активдери буулуп, америкалык жеке жана юридикалык тараптар алар менен таптакыр иштешпейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Көп өтпөй Россиянын Тышкы иштер министрлиги Владимир Путин жана Сергей Лавровго каршы санкцияларды Батыштын алсыздыгы деп баалады.
"Бул Батыштын тышкы саясат боюнча ого эле эле алсыз экенин айгинелеп турат", — деди ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова.
Мындан тышкары, Мамлекеттик департамент Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Валерий Герасимовго каршы санкцияларды кабыл алды.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0