Үй-бүлө ажырабасын. Мамытов айрым мигранттарды кара тизмеден чыгарууну сунуштады

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Амнистия административдик укук бузганы үчүн чектөө киргизилген кыргызстандыктарга тиешелүү болот.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов айрым категорияга кирген кыргыз мигранттарын Россиянын "кара тизмесинен" чыгарууну сунуштады. Бул туурасында төраганын маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди.
Спикер башында турган депутаттар тобу РФтин Федералдык жыйынынын Федералык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолуккан. Анда Мамытов үй-бүлө мүчөлөрү эки тарапта калган кыргызстандыктарга амнистия берүү маселесин көтөрдү.
"Жубайлардын бири Россиядан чыгарылып, ал эми үй-бүлөсү бул жакта калып бирге жашай албай жатышат. Мындан улам төрага ушул категорияга кирген биздин жарандарга амнистия берип, кара тизмеден чыгарууга көмөктөшүүнү суранды. Бул административдик укук бузуу үчүн Россияга киришине тыюу салынган кыргызстандыктарга тиешелүү", — деди маалымат катчы.
Мындан сырткары, кээ бир мекендештер кара тизмеге киргенин билбей, Россияга барган жеринен кайтып келип чыгым тартып жатканын айтып, чектөө киргизгени туурасында убагында кабардар кылууну өтүнгөн.
Матвиенко спикердин миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштаган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Мамытов Россиядан мигранттарга жеңилдик сурады. Мамдума төрагасынын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0