Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адис кургак учукка каршы ооруканалар эмнеге кыскартылып жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист Управления общественного здравоохранения и организации медицинской помощи Минздрава Анара Мамбетисаева
Ведущий специалист Управления общественного здравоохранения и организации медицинской помощи Минздрава Анара Мамбетисаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анара Мамбетисаева ооруканаларды оптимизациялоо иштеринин негизинде айрым мекемелер бириктирилсе, айрымдарынын түзүмүнө өзгөртүү киргизилип жатканын айтты.
Өкмөттүн "2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, учурда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү иш-чарасы жүрүп жатат. Бул тууралуу Анара Мамбетисаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Адис кургак учукка каршы ооруканалар эмнеге кыскартылып жатканын түшүндүрдү
Анын айтымында, кургак учук ооруканаларынын базасында инфекциялык бөлүмдөр ачылууда.
"Өлкөдө жалпы 19 кургак учукка каршы оорукана болсо, анын сегизи түштүк аймакта жайгашкан. Алардын ишине анализ жүргүзүлүп, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Ноокат райондорундагы бейтапканаларды кыскартуу чечими чыккан. Калган ооруканалардагы керебеттер биригип жатат. Себеби ооруканалардагы койканын санына жараша бейтаптар кабыл алынып, план толук аткарылбай келген. Анткени оорулуулар бул мекемелерге келбей же Бишкекке, облустук ооруканаларга кетип калып жатышкан. Жыйынтыгында Ош облусунда кургак учукка каршы эки оорукана жабылып, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы ооруканалар жоюлду. Оптимизациядан кийин Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борбору 135 койкага, Ош шаардык кургак учукка каршы балдар ооруканасы 70 койкага, Кара-Суу кургак учукка каршы ооруканасы 40 койкага кыскартылды. Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору Улуттук фтизиатрия борборунун прототиби болуп саналат жана үч облустан (Баткен, Ош, Жалал-Абад) бейтаптарды кабыл алат. Оптимизациядан үнөмдөлгөн каражат башка инфраструктураны оңдоого, дары-дармекке, заманбап жабдуу сатып алууга жумшалат", — деди Мамбетисаева.
Ал Өзгөн жана Ноокат кургак учукка каршы ооруканалары жоюлганына байланыштуу бул аймактагы кургак учукка чалдыккан бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы медиктерге кайрылып, жардам алса болорун (дарыгерлер кургак учукту аныктап, дарылоого даярдалган) кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0