Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Буга чейин берилген ипотеканын пайызы төмөндөтүлөт. Шарттары

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев жарандарды турак жай менен камсыз кылуу жаатындагы иштер тууралуу маалымат берди.
Ипотекалык насыялардын үстөк пайызы төмөндөтүлдү. Норма буга чейин ипотека алгандарга дагы тиешелүү болот. Бул тууралуу Тилек Джеембаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Буга чейин берилген ипотеканын пайызы төмөндөтүлөт. Үч шарты бар
Анын айтымында, жарандар тийиштүү документтерди тапшыргандан кийинки айдан тарта пайыздар төмөндөтүлөт.
"Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, "Менин үйүм 2021-2026" программасы кабыл алынган. Анда ипотекалык насыялардын пайызын төмөндөтүү каралган. Эми ипотека төрт пайыздан, ал эми жеткиликтүү ипотека (бардык жарандар үчүн) сегиз пайыз менен берилүүдө. Ошондой эле 2016-2020-жылга карата программа менен берилген насыялардын үстөгү эки пайызга төмөндөтүлүүдө. Башкача айтканда, алты пайыз менен алгандардыкы төрткө, сегиз менен алгандардыкы алтыга жана жети пайыз менен төлөп жаткандардыкы бешке түшүрүлүүдө. Бул мүмкүнчүлүккө жетүү үчүн жарандардын камсыздандыруу полиси жаңыртылган болушу шарт. Ошондой эле алардын ипотекалык насыя боюнча кечиктирүүлөрү болбой, төмөндөтүү боюнча кошумча келишимге кол коюшу керек. Мына ушул үч талап аткарылгандан соң кийинки айдын башынан тарта банк пайызды төмөндөтөт. Тилекке каршы, АКБ "Кыргызстан", "Демир банк" жана "Бай түшүм" банкы демилгени колдоого алган жок. Ошондуктан бул банктар аркылуу ипотека алгандардын насыясы Айыл банкка рефинансыланууда. Ал үчүн жарандар жогоруда айтылган талаптарды аткарып, аталган банктын филиалдарына кайрылышы керек", — деди Джеембаев.
Ошондой эле ал пайыздын төмөндөшү насыянын калдыгына гана тиешелүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0