Нурлан Шаршеналиев Бишкекке вице-мэр болуп келди

© Sputnik / Табылды КадырбековАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Мэр буга чейин Таалайбек Орозовду башка ишке кетип жатканына байланыштуу вице-мэрликтен бошоткон.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Нурлан Шаршеналиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек ШамбетовБишкек шаарынын вице-мэри болуп Нурлан Шаршеналиев дайындалды
Вице-мэр Бишкека Нурлан Шаршеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Нурлан Шаршеналиев дайындалды
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койгон.
Калаа башчысы буга чейин Таалайбек Орозовду башка ишке кетип жатканына байланыштуу вице-мэрликтен бошоткон.
Нурлан Шаршеналиев 1985-жылы Кеминде туулган. Экономика жана юридика боюнча жогорку билимге ээ. Ал Октябрь, Кемин райондук администрацияларында иштеп, Ноокен районун башкарган. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары да болгон.
3-класстагы инспектор мамлекеттик чини бар.
Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Эки ай мурда дайындалган Нарын шаарынын мэри иштен кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0