Bloomberg: КРде 30 жылга соттолгон Михаил Надель Британияда бизнес кылып жүрөт

© Sputnik / Джастин Гриффитс-Уилльямс / Медиабанкка өтүүЛондон шаары. Архив
Лондон шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Жазылуу
Кыргызстандын сот адилеттүүлүгүнөн качып кеткен банкир Михаил Надель эки фамилияны пайдаланып жашап жүргөнүн Bloomberg агенттиги аныктады.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. "АзияУниверсалБанктын" директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы, 30 жылга эркинен ажыратылган Михаил Надель Улуу Британияда Майкл Строгонов деген ысым менен "чыга" келди. Бул тууралуу өз иликтөөсүнө таянып Bloomberg агенттиги жазды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2015-жылдын февраль айында Наделди КРдин Кылмыш жана жазык кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган кирешени легалдаштыруу" жана "Кылмыштуу аракеттерге аралашуу" беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Ага чейин 2011-2014-жылдары дагы ал бир катар кылмыш иштери боюнча 16 жана 25 жылга сыртынан соттолгон. Жалпы ага жаза өтөөгө 30 жыл берилген.
Bloomberg агенттигинин журналисттеринин маалыматына караганда, 53 жаштагы Строгонов кайсы бир документтерде өзүн Италияда жашаган россиялык финансист катары көрсөткөн. Строгонова анын апасынын фамилиясы. Макалада айтылгандай, банкир бизнесте апасынын, башка учурда өзүнүн (Надель) фамилиясын колдонот.
Кыргызстандын сот адилеттүүлүгүнөн качып жүргөн банкир Улуу Британияда финансы технологияларына байланыштуу долбоор иштеп чыккан.
Агенттиктин жазганына караганда, 2018-жылы каттаткан фирма финансы жаатына байланыштуу жана күнүнө 1,9 миллиарддай долларды ары-бери которуу менен алектенет.
Dzing Finance Ltd деген аталыштагы компания 2018-жылдын май айында Улуу Британиянын бизнес-реестрине кошулганда анын жалгыз жетекчиси деп Надель көрсөтүлгөн.
"Ошол жылдын октябрь айында ишкер жетекчилик кызматтан кеткен. Бирок ошондон бери бизнести жүргүзүүгө жардам берип келет", — деп айтылат маалыматта.
Dzing Finance Ltd компаниясынын юристи Стивен Фрэнсис Наделдин ишканага тиешеси жок экенин, болгону ири акционер Татьяна Орлованын кеңешчиси болуп жүргөнүн билдирген.
Өзү менен байланышкан журналисттерге Надель/Строгонов компанияга консультант катары тиешеси бар экенин тастыктап, бирок комментарий берүүдөн баш тартты.
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
Жаңылыктар түрмөгү
0