Саясий курал болбойбуз. Жогорку сотко төрага болчу Базарбековдун планы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку соттун төрагалыгына талапкер Замирбек Базарбеков. Архив
Жогорку соттун төрагалыгына талапкер Замирбек Базарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Талапкер бул жөн гана жалындуу айтылган куру сөз эместигин, иш жүзүндө баарын көрүп анализдеп чыкканын белгиледи.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку соттун төрагалыгына талапкер Замирбек Базарбеков парламентте пландары тууралуу айтып берди.
Учурда анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралып жатат.
Анда төмөнкүдөй пландары менен бөлүштү:
Мыйзам үстөмдүгү, мыйзамдардын диктатурасын орнотуу зарыл;
Саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, жеке журналисттерге, жадагалса бийликке негиздүү сын айткан карапайым адамдарга баа берип, аларга карата жүргүзүлгөн сот процесстерин тез арада токтотуу керек;
Сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого аракет кылабыз;
Соттордун эмгек акысын жогорулатуу, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу менен бирге эле жоопкерчилигин да күчөтүү керек. Эгер материалдык жактан камсыздалып жатып да мыйзам бузууга, адилетсиздикке жол берилсе кечирилгис күнөө;
Сотторду ротациялоо жагын дагы карайлы деп жатабыз. Себеби кээ бир региондордо, өзүнүн туулган жеринде бир нече жыл иштегендер бар экен;
Кокустан судья болуп калгандар көбөйүп кетиптир. Судьялык кызматка тандоо тартибин өзгөртүп, кабыл алуу шартын күчөтүү керек;
Далилсиз кылмыш иштерин кыскартып, тийиштүү укук коргоо кызматкерлерине карата жай аныктама чыгаруу аркылуу алардын жоопкерчилигин күчөтүү керек. Күнөө кетирген укук коргоо органдарынын кызматкерлери жооп бериши абзел;
Соттор көпчүлүк учурда соттун милдетин аткарбастан тергөө кызматтарынын ролун аткарып калышты;
Күнөөсүз адамдар мыйзам талаптарын бузуу жолу менен жоопко тартылса, кийин далилсиз же тергөө аракеттеринин натыйжасында акталса, ага моралдык чыгым өндүрүп берүүнү активдештирүү. Бул учурда каражат мыйзам бузган укук коргоо кызматкерлеринен же күнөөлүү тараптан өндүрүлөт.
Замирбек Базарбеков бул жөн гана жалындуу айтылган куру сөз эместигин, иш жүзүндө баарын көрүп анализдеп чыкканын белгиледи.
Жогорку сотунун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жогорку сот менен Конституциялык соттун төрагалыгына талапкерлердин аты аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0