Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карабаев: завод-фабриканын аздыгынан баштапкы кесиптик билимге кызыгуу жок

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык илимий-методикалык борбордун директору Акбаралы Карабаев
Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акбаралы Карабаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акбаралы Карабаев өлкөдө завод-фабрикалардын санынын аз болгондугуна байланыштуу баштапкы кесиптик билимге кызыгуу дээрлик жок экендигин айтты.
Башталгыч кесиптик билимге ээ болгон кыргызстандыктардын көбү Россияда жумушка орношууда. Бул тууралуу Акбаралы Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Карабаев: завод-фабриканын аздыгынан баштапкы кесиптик билимге кызыгуу жок
Анын айтымында, Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн болжол менен 10 пайызы гана кесиптик билим алышат.
"Республикалык илимий-методикалык борбору окуу процесстерин жана программаларды учурдун талабына ылайыктап түзүп жатат. Анткени жаңы адистиктер чыгып, аларды кабыл алууга аракет көрүшүбүз зарыл. Мисалы, Германияда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн 62 пайызы окууну кесиптик билим берүүдөн баштайт. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 10-15 пайызга жетпейт. Мындан тышкары, өлкөдө завод-фабрикалардын санынын аз болгондугуна байланыштуу баштапкы кесиптик билимге кызыгуу да аз. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү Россияга кетип ишке орношот", — деди Абылкасымов.
Ошондой эле адис баштапкы кесиптик билим берүүнү жакшыртуу үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0