Бөбөктү коштоп "ырдаган" төрт аяктуу дос. Жылмайткан видео

Жазылуу
Бөбөктүн көңүлүн алдыбы же чын эле бул акылдуу жаныбарлардын кадимки мамилесиби, айтор, интернетке кичинекей кыз менен иттин "дуэти" жарыяланды.
Анда оюнчук микрофону менен обонду туураган кызды коштой ит да үн салып, жогору жакты карап алып "созуп" жатканын көрүүгө болот.
Маалыматта бөбөктүн аты Зара, ал эми анын чыгармачыл өнөктөшүнүн ысымы Жиа экени жазылган. Бул эки достун Түштүк Африкада, Замбияда жашары белгилүү болду.
Бул алардын бир эле жолку дуэти эмес экени, бир учурда кошулуп бийлеп жиберишери, ойноп да кетери жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0