Өз алдынча дарыланбай, дарыгерге кайрыл! Мэрия номерлерди жарыялады

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкек шаардык оорукананын медицина кызматкерлери
Бишкек шаардык оорукананын медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жазылуу
Вакцинация — вирустан коргонуунун жалгыз майнаптуу ыкмасы экени белгиленди.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Борбор калаада эпидемиологиялык абал начар. Ооругандардын саны көбөйүп жатат. 17-январга карата алынган маалымат боюнча, Бишкекте коронавирус менен пневмонияга кабылган 658 адам катталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, калаада 18 мобилдик медбригада иштеп жатат. Акыркы сутка ичинде 419 жерге чакыруу түшүп, ПЦР-изилдөө үчүн 442 мазок алынган. Мобилдик бригада 118 call-борборуна түшкөн кайрылуулар боюнча чыгып жатканы белгиленди.
"Урматтуу шаардыктар, сиздерди эл көп топтолгон жерлерге баруудан баш тартууга, аралыкты сактоого, бет кап тагынып жүрүүгө, колду тез-тез жууп турууга, антисептик колдонуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз. Вакцинация — вирустан коргонуунун жалгыз эффективдүү ыкмасы", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жарандарды ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырды.
"Эгер ооруп калганыңызды сезсеңиз, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) дарыгерлери менен сүйлөшүп ооруну башкы стадиясында бассаңыз болот. Медиктер тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун байланыш номерлери:
Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 0990 88 80 30, 0312 64 45 42;
№2 ҮМБ — 0990 88 80 28, 0312 21 03 57;
№11 ҮМБ — 0990 88 80 29, 0312 31 10 60;
№12 ҮМБ — 0990 88 80 31, 0312 21 17 32;
№13 ҮМБ — 0990 88 80 32, 0312 65 73 88;
№17 ҮМБ — 0990 88 80 33, 0312 55 11 06.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Күчөгөн COVID: министрлик кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга эскертүү берди
Ооруканада бейтапты дарылап жаткан медициналык кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Коронавирустан үч адам каза болуп, 781 киши илдет жуктурду. Соңку статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0