Тыгын жок, чектөө бар. Кыргыз-казак чек арасындагы абал

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак тилек өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматы кыргызстандыктарга жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө чектөөлөр бар экенин эске салды.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.
Бүгүн, 15-январь саат 11:00гө карата, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу. Ал жакта транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.
Ушул тапта кыргыз-казак чек ара аймагында жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:
Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын "Ак тилек", "Чалдыбар", "Ак жол" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайларынан өтө алышат.
өлкө аймагында жүргөн коңшу өлкөнүн жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат;
ал эми Кыргызстандын "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайынан өлкөдөгү Казакстандын жарандары гана чыга алышат;
оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандын "Ак тилек", "Чалдыбар" жана "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
Бир сутка ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын 732 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кесип өтсө, анын 499су "Ак тилек" пункту аркылуу өткөн.
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек-унаа жолу өткөрүү пунктунда бараткан жарандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Казакстан өлкөгө кирүү үчүн жаңы эреже кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0