Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадыркулов: сорту жакшы кулпунайдан эки эсе пайда тапса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Алишер Кадыркулов
Ишкер Алишер Кадыркулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Ишкер Алишер Кадыркулов соңку төрт жылдан бери кулпунай өстүрүп, каалоочуларга тажрыйбасы менен бөлүшүп жатканын айтты.
Кулпунай өстүрүү боюнча ишкерлик түптөгөн Алишер Кадыркулов иш баштоо үчүн миграцияда жүрүп каражат топтогонун Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтып берди.
Кадыркулов: сорту жакшы кулпунайдан эки эсе пайда тапса болот
Чет өлкөдө иштеп жүргөндө көптөгөн оор күндөрдү баштан кечирген.
"Мигрант катары чет өлкөлөрдө, анын ичинде Россияда 10 жылдан ашык жүрдүм. Каражат топтоп, мекенге келип ишкерлик баштадык. Соңку төрт жыл аралыгында кулпунай өстүрүү менен алектенүүдөмүн. Негизи айыл чарбасы боюнча адистигим жок, бирок көпчүлүк кыргыздын агрардык тармактан кабары бар. Анткени ар бири огородуна майда-чүйдө жер-жемиш өстүрөт. Россияда жүргөндө эмне ишкерлик кылуу керек деп ойлоно баштадык. 2015-жылы Оштон жер сатып алып, күнөскана курдук. Эки жылдан кийин ага помидор эгип, анын түйшүгү оорураак болгондуктан кулпунай өстүрүүгө өттүк. Анын үстүнө помидор өстүрүп жүргөндө кетирген каталардан тажрыйба топтодук. Кийин өлкөдөгү статистиканы изилдеп, башка мамлекеттердин тажрыйбасын көрүп анан өстүрө баштадык. Учурда ишибиз жакшы, эл менен тажрыйбабызды бөлүшүүдөбүз. Негизи кулпунай өстүрүүдө жакшы түшүм берген сортторду тандоо зарыл. Жылуу аймактарга эрте бышкан кулпунайды отургузуу керек. Ошондой эле сорту жакшы кулпунайды өстүрүп эки эсе пайда тапса болот", — деди Кадыркулов.
Ишкер өлкөдө айыл чарба, туризм жана агрардык тармактын потенциалы жакшы экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0