Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТүнкү Бишкек. Архив
Түнкү Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
5-январга караган түнү көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгалак болот.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү күндүз Кыргызстандын кээ бир райондорунда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1...+6, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +2...+7, Нарын аймагында -4...-9 градус болот. 
Бишкек менен Ош калааларында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор шаарда  жана Ошто +4...+6 градус болору болжолдонду.
Көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Январда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0