"Канаттуу" иттин шамдагайлык менен арык тазалаган видеосу

Жазылуу
Интернетке "канаттуу" иттин суу агып келе жаткан арыктагы жалбырактарды күчүнүн болушунча шашып тазалап жаткан видеосу тарады.
Жылкы фермада жашаган төрт жаштагы Сисси аттуу иттин ыкчамдык менен берилип "оокат жасаганын" видеого тартышкан.
Кадрдан суу толгон челекти жана аны кечке тиктеп турган итти көрүүгө болот. Бир аздан кийин кожоюн идишти кыйшайтып жибергенде төгүлгөн суу арык менен кеткен. Видеодон арыкка толуп калган жалбырактарды так секирип, алдыңкы эки буту жана тумшугу менен тазалап жаткан иттин кыймылы башкача кызык көрүнөт. Сиссинин жонуна кожоюндары көпөлөктүн жасалма көк канаттарын тагып койгон. Адатта кой, эчкини кайтарган иттин бакчадагы мындай өзгөчө эмгекчилдиги интернет колдонуучулардын көңүлүн өзүнө бурган. Роликтин алдындагы комментарийлерден жаныбардын эмгекчилдигин мактаган, шамдагайлыгына суктанган пикирлерди окуганга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0