Apple дүйнөдөгү эң кымбат компания деп аныкталды

© REUTERS / Mike SegarApple капитализациясынын логотиби. Архив
Apple капитализациясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
Эксперттер өйдөлөгөн процессти биринчи кезекте iPhone смартфонунун ийгиликтери менен түшүндүрөт.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Apple капиталы 3 триллион долларга жеткен дүйнөдөгү биринчи компания деп аныкталды. Бул туурасында The Guardian басылмасы Nasdaq биржасындагы сооданын маалыматына таянып жазды.
3-январда кечинде Apple компаниясынын акциялары 2,82 пайыздан — баалуу кагаздары 182,58 долларга чейин өскөн. Бир аздан кийин ал көрсөткүч 182,88 долларга жеткен.
Муну менен Apple ишканасынын капиталы 3 триллион долларды чапчып, жалпы көлөмү Германиянын фондулук рыногунан же Улуу Британиянын экономикасынан ашып түшкөн. 2021-жылы Apple акциялары дээрлик үч эсе өскөн, болбосо 2020-жылы өсүү темпи 80 пайызды түзгөн эле. Ошол эле учурда Microsoft, Amazon, Alphabet жана Tesla сыяктуу атаандаштарынын баалуу кагаздары 10дон 70 пайызга чейин жогорулаган.
Эксперттер Apple компаниясындагы өйдөлөгөн процессти биринчи кезекте iPhone смартфонунун ийгиликтери менен түшүндүрөт. Бирок ишкананын отчётунда рекорддук жогорку көрсөткүчтөр башка бөлүмдөрдө да, анын ичинде Mac дагы жакшы өткөнү байкалат.
Apple капиталы боюнча ири компаниялардын сап башында турат. Бирок 2021-жылдын октябрында Microsoft компаниясынан артта калып, кайра позициясын бекемдеген. Учурда Microsoft 2,5 триллион долларлык капиталы менен тизмеде экинчи орунду ээлейт. Үчүнчү орунду Saudi Aramco ээледи, анын капиталы 1,9 триллион долларга бааланат.
Apple 1976-жылы негизделген. Жеке жана планшеттик компьютерлерди, аудиоплеерлерди, телефондорду, "акылдуу" сааттарды жана программалык камсыздоочу түзүмдөрдү чыгаруу менен алектенет.
Капитализация — учурдагы биржалык котировкалардын негизинде эсептелген активдердин наркы (компания, баалуу кагаздар, криптовалюта жана башкалар).
Apple компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
ЖМК: Apple учкучсуз автоунаа чыгарып, Tesla компаниясына атаандаш болмокчу
Жаңылыктар түрмөгү
0