Өкмөт Инвестиция агенттиги боюнча жобону бекитти. Мекеменин милдеттери

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана долларлар. Архив
Сом жана долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Жазылуу
Агенттик жылдын башында түзүлүп кайра күзүндө жоюлган Инвестиция министрлигинин ордун басат.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (KADI) мекемеси жөнүндө жобону бекитти. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Белгилей кетсек, бул агенттик жылдын башында түзүлүп кайра күзүндө жоюлган Инвестиция министрлигинин ордун басат. Министрлик түзүлгөнгө чейин мекеме ушундай эле агенттик болчу.
Агенттиктин негизги милдеттери:
1.
инвестициялык активдүүлүктү, экспортту өбөлгөлөө боюнча чараларды ишке ашыруу;
2.
сапаттуу инвестициялык долбоорлорду жана сунуштарды даярдоо максатында ички жана тышкы рынокту талдоо, ошондой эле тийиштүү сунуштары менен потенциалдуу сатуу рынокторун аныктоо;
3.
инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
4.
инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана коштоо, экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү, ошондой эле инвестициялык талаш-тартышты чечүү менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык уюмдарга, бизнес-коомчулукка, коомдук бирикмелерге, илимий жана башка уюмдарга көмөк көрсөтүү.
Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ысык-Көл мейманканасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна эмне салына турганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0