VII чакырылыштын депутаттары мандат алып кызматка киришти. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАнт берип жаткан аткаминер. Архив
Ант берип жаткан аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Депутаттар ант берген күндөн тартып кызматка киришти деп саналат.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары мандат алып кызматка киришти.
Алгач БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, 88 депутатка мандат тапшырды.
Андан соң шайланган депутаттар колун Конституцияга коюп ант беришти.
"Мен, ..., Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого ант берем", деп кайрылышты.
Депутаттар ант берген күндөн тартып кызматка киришти деп саналат.
Жыйынга эң улуу депутат Шарапаткан Мажитова төрайымдык кылууда. Ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулганын билдирип, VII чакырылыштын биринчи сессиясын ачык деп жарыялады.
Андан соң Кыргызстандын гимни жаңырды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Бул аймакта кайрадан шайлоо 27-февралда өткөрүлөт. Мыйзам боюнча партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.
Кеткен депутаттар эмнеге өкүнөрүн жана эмне менен алектенерин айтышты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Кеткен депутаттар эмнеге өкүнөрүн жана эмне менен алектенерин айтышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0