Россияда мигранттарга манжа изи түшүрүлгөн патент бериле баштайт

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүКиши манжа изи берип жатат. Архив
Киши манжа изи берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Эмгек мигранттарына жаңы патенттер 29-декабрдан тарта берилет. Ал эми эски үлгү боюнча жасалган патенттердин бланкалары толук колдонулганга чейин жарактуу болот.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Россияда 29-декабрдан тарта эмгек мигранттарына патент чип орнотулган карта түрүндө бериле баштайт, анда жарандын электрондук сүрөтү жана манжа изи болот. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин укуктук маалымат порталына жарыяланган буйрукта айтылат.
"Россия Федерациясына виза талап кылынбаган тартипте келген чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга электрондук маалыматтар камтылган карта түрүндө бериле турчу патенттин формасы бекитилсин", — деп айтылат буйрукта.
Карта 8,5-5,3 сантиметр өлчөмүндө болот. Алдыңкы бетине жарандын сүрөтү, патенттин сериясы жана номери, аты-жөнү жайгаштырылат. Мындан тышкары, туулган күнү, жарандыгы, өздүгүн тастыктаган документтин сериясы менен номери, кесиби жана идентификациялык номери көрсөтүлөт. Экинчи жагына патенттин ээси Россиянын кайсы жеринде эмгектенери, документти ким жана качан бергени жазылат.
Ал эми эски үлгү боюнча жасалган патенттердин бланкалары толук колдонулуп бүткөнгө чейин жарактуу болот.
Реконструкция Центрального стадиона в Екатеринбурге к ЧМ-2018 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Россияда иш издеген мигранттардын саны боюнча Кыргызстан 3-орунда турат
Жаңылыктар түрмөгү
0