Каратэ-до боюнча улуттук команда Азия чемпионатына катышат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКарате боюнча мелдеш. Архив
Карате боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Турнир 18-22-декабрда Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын курама командасынан беш каратэ чебери барат.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Каратэ-до (WKF) спорту боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Турнир 18-22-декабрда Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Анда ата мекендик беш каратэ чебери таймашат.
Курама команданын мүчөлөрү:
Рафаэль Акбаров, спорт чебери (СЧ), 60 килограмм;
Калыс Нурланбек уулу, СЧ, 67 килограмм;
Адилет Шадыканов, СЧ, +84 килограмм;
Урматбек Абдилаев, СЧ, 75 килограмм;
Кымбат Тойтонова, СЧ, 75 килограмм;
Мушташ өнөрүнүн чеберлерин мелдешке улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеев жетектеп барат.
Белгилей кетсек, курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Бильярд оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Кыргызстанда 2022-жылы бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0