Кыргызстан 9 айда 3 миң тоннадай баалуу металлдын калдыгын сатты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСыныктар. Архив
Сыныктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында өлкө алты мамлекетке металл экспорттогон.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстан быйылкы жылдын январь айынан сентябрга чейинки убакта 2 899,1 тонна баалуу металлдын калдыгы менен сыныктарын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Бардык сатылган темирдин баасы 8,4 миллион долларга бааланган.
Баалуу металлдар кайсы мамлекеттерге экспорттолгон:
  • Россия — 1 067,4 тонна;
  • Литва — 676,1;
  • Эстония — 649,8;
  • Германия — 396,4;
  • Гонконг (Кытайдын атайын аймагы) — 55,3;
  • Нидерланддар — 54,1.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде дээрлик 9,4 миллион долларлык 3 168,9 тонна темир экспорттолгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0