Нарын, Бишкек, Ош... Статком кайсы аймактарда айлык көтөрүлгөнүн айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБир миң сомдук купюралары. Архив
Бир миң сомдук купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Улуттук банк койгон валюта курсу менен алганда 2021-жылдын январь-август айларында бир жумушчунун орточо маянасы 231,6 долларды түзгөн.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда орточо айлык былтыркы жылдын январь-август айына салыштырмалуу 9 пайызга көбөйдү. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"2021-жылдын январь-август айларында бир жумушчунун (чакан ишканаларды албаганда) орточо айлык акысы былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 9,3 пайызга көбөйүп, суммасы 19 586 сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк койгон валюта курсу менен алганда 2021-жылдын январь-август айларында бир жумушчунун орточо маянасы 231,6 доллар болду.
Орточо айлык республиканын бардык аймактарындагы ишканалар менен уюмдарда көтөрүлгөнү байкалган дешти.
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы
"Маянанын көбөйүшү Ош облусундагы (10,9 пайыз), Ош (13,5 пайыз), Бишкек (9,9 пайыз) шаарларындагы ишкана-уюмдарда иштегендерде байкалган. Ал эми айлыгы көтөрүлгөндөр Бишкекте (24 931 сом), Нарын (18 870 сом) жана Жалал-Абад (18 609 сом) облусунда катталган", — деп билдирди Статком.
Мындан мурдараак Статком эл көп колдонгон азык-түлүктүн баасы Бишкек, Нур-Султан, Москва жана Минск шаарларында кандай экенин салыштырган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0